Өзбекстанда кыздардын 68% эч качан интернет колдонушкан эмес

Өзбекстанда 14 жаштан 30 жашка чейинки кыздардын 68 пайызы эч качан интернет колдонгон эмес, деп билдирет ЮНИСЕФтин Telegram каналы.

Изилдөө көрсөткөндөй, Өзбекстанда компьютердик сабаты жоктордун арасынан эркектер 30,0%ды түзсө, кыздар 43,5% =ды түзөт.

14 жаштан 30 жашка чейинки кыздар менен аялдардын 68% интернетти эч качан колдонушкан эмес. Бул алардын билим алуу жана эмгек рыногунда өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө азайтат.

«Кыздар санарип сабаттуулукка жана гендердик зомбулук коркунучу жок коопсуз санариптик мейкиндикке муктаж, андыктан алардын таланттары ачылышы мүмкүн», – деп белгиледи уюм.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru