Өзбекстандан коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 ге жетти
Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги агенттигинин директору Бахром Алматов билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.
” Илдет Дубайдан учуп келген жаранда табылган. Ал жарандан аэропорттогу текшерүүдөн эле вирус аныкталган”, – дейт Алматов.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.