Өзбекстандын өкмөт башчысы Садыр Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Абдулла Арипов Кыргызстандын жаңы премьер-министри Садыр Жапаровду кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.

“Куттуктоо катта бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө үмүт бар экени айтылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 14-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши премьер-министрдин кызмат ордуна Садыр Жапаровду шайлап, ошондой эле өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.