Өзбекстандын 5 миллион эли өтө жакыр дейт Шавкат Мирзиёев
“Элибиздин 12-15%ы жакыр, башкача айтканда 4-5 миллион адам өтө жакырчылыкта жашайт. Эгерде үй-бүлөдө бирөө ооруп калса, кирешенин 70%ы анын дарылануусуна кетет. Мамлекет тарабынан аларга болгону 10-13 миң сум, башкача айтканда 1 же 1,4 доллар берилет. Бул эмнеге жетет”-деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эл менен жолугушуп жатып. Бул боюнча президенттин маалымат кызматы кабарлап, элдин жакырчылыгы менен дайыма күрөшүү уланаарын маалымдашты.