Өзбекстандын аэропортторунда жарандарга коронавируска карата экспресс-тест тапшыруу милдеттендирилди

Өзбекстандын аэропортторунда 15-январдан тарта жарандардан коронавируска карата экспресс-тест алынып баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмаларына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

“Өлкөдө омикрон штаммы катталгандыгына байланыштуу аэропорттордо жарандардан коронавируска карата экспресс-тест алуу чечими киргизилди. Тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттүн ичинде даяр болот жана баасы 5 долларды түзөт. Эгерде жарандан илдет аныкталса дароо обочолонууга жөнөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru