Өзбекстанга Бангладештен 900 эмгек мигранттары келет
Бангладештен 900гө жакын эмгек мигранттары жакын арада Өзбекстанга келишет. Бул тууралуу Bangladeshi Daily Star гезити жазды.
Басылманын айтымында, Каршидеги бир инженердик компания Бангладештен жумушчуларды жалдаган. Биринчи атайын рейс Өзбекстанга 239 жумушчу алып келген. Алар үчүн Ташкенттен 450 чакырым алыстыкта жумуш орундары уюштурулган.
Перс булуңундагы өлкөлөрдө чет элдик жумушчуларга суроо-талаптын азайышынан улам Бангладеш эмгек базарларын табууга кызыкдар экени белгиленди. Мындан тышкары, өкмөт жумушчу күчүн башка Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттоону да көздөйт.