Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо кандай ишмердүүлүктөргө чектөөлөр болбойт
Бүгүн өкмөтү үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо кандай ишмердүүлүктөргө чектөөлөр болбой тургандыгын айтып берди.
Өзгөчө абал тартиби учурунда төмөндөгүдөй ишмердүүлүктөрдү жүргүзсө болот (өндүрүү, ташуу, сатуу):
– Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган ж.б. абалда;
– Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар – беткаптар, халаттар ж.б;
– Күйүүчү-майлоочу материалдар жана баллондор;
– Турак жай-комуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү;
– Жеке менчик күзөт мекемелери;
– Айрым бажы мекемелери;
– Коммуникация чөйрөлөрү – ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө;
– Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү;
Бирок микрокредиттик компаниялар жана акча алмаштыруу жайлары, камсыздандыруу компаниялар жана ломбарддар иштөө чектөө киргизилет.