Өзгөчө абал. Нарын шаары жана Ат-Башы районунда жалпы 351 өткөрмө кагазы берилди
Нарын шаары жана Ат-Башы районунда жалпы 351 өткөрмө кагазы берилди. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
“Жалпы 351 өткөрмө кагаздын бир күндүк уруксат кагазы 19 адамга, күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилген 72 өткөрмө кагазы берилди. Калгандары күндүзгү маалга берилгендер”, – дейт ал.
Нарында түндө коменданттык саатты 12 жаран бузган.