Өзгөндө ундун баасы кымбаттады деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

Өзгөндө социалдык тармактарда ундун мүшөгү 2,5-3 миң сомго көтөрүлдү деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ундун баасы 1300-1400 сомдон ашкан жок. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде жалган маалымат тараткан 1995-жылы туулган жаран кармалып, анын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн экспертиза дайындалды.

Ошондой эле калк ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru