Өзгөндөгү жатак мектепке 1 миллион сом берилди
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом тапшырды.
Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешин Президенттин администрациясы жеңген. Мамлекет башчысы ошол учурда турнирдин баш байгеси кайрымдуулукка багытталарын жарыялаган.
Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, ал 200 орундуу. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу бар.