народный

1 бейтап 52 адамга коронавирус жуктурган, эми ал соттолот

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов өлкөдөгү жарандар коронавирусту кантип жуктурганын айтып берди. Анын айтымында, 1 бейтап 52 адамга вирус жуктурган.

«Ташкент облусундагы бейтап жөтөлүп, дене табы жогорулап жана дем алууда кыйналып жатса да 4 уюмга барган. Биз ал уюмдардын баарын жабууга мажбур болдук. Бул бейтап 52 адамга вирус жуктурган», – деди министр.

Дагы бир бейтап 3 жерде иштеген. Мындан улам 100дөн ашык адамды карантинге алууга туура келген. Ал ооруп жатканын билип туруп, көп адамдар менен баарлашкан.

«Бул кылмыш. Көп адамга оору жуктурарын билип туруп, башкалар менен байланышта болгону чыккынчылык», – деди ал.

Булак: баракелде

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru