Ишин жанданта турган ишканалардын кызматкерлери өткөрмө кагазын алууга милдеттүү

1-майдан тарта ишин жанданта турган мекеме, уюмдардын кызматкерлери өткөрмө кагазын алууга милдеттүү. Бул туурасында экономикалык блок боюнча вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 1-майдан тарта бизнестин жети түрүнө ишин баштоого уруксат берилген.

“Аз убакытта ишканалардын баарына өткөрмө кагазы менен камсыздоо маселеси турат. Бизге абдан көп, 10-20 миң кайрылуу түшөрүн түшүнүп турабыз. Өткөрмө кагаздары кагаз менен эмес, электрондук түрдө гана берилет. Бул системаны учурда комендатурада 10 оператор тейлейт, кошумча дагы Салык инспекциясынан, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен сегиз адис тартылды”, — деди Асрандиев.

Ошондой эле вице-премьер кайрылуулар көпкө кармалып калса туура түшүнүү керектигин эскертип, мындан улам ишин жандантууга уруксат бербеген тараптар арыз калтырып операторлорду убара кылбоого чакырды.

“Өткөрмө кагазын болушунча эртерээк бериш үчүн операторлор керек болсо күнү-түнү майрам күндөргө да карабай иштөөгө даяр. Тармактык мамлекеттик органдар арыздарды иргеп, керектүү тараптарга өз маалында уруксат берүүдө комендатурага жардам берет”, — деди вице-премьер.

Бишкек комендатурасынан өткөрмө кагазын алуу үчүн 1312.tunduk.kg сайты аркылуу арыз калтырууга болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru