10-кабаттан кулаган кыз каза болду

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 10-кабатынан 18 жаштагы кыз кулап түштү. Ал алган жаракатынан улам каза болду.Бул тууралу Биринчи Май РИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык кечээ, 1-мартта болжол менен саат 01:00 чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Насирдин Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз кулап түшкөнү кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, алдын ала маалымат алышкан. Анда 2001-жылы туулган С.В. аттуу кыз 10-кабаттын балконунан кулап түшкөн. “Тез жардам” кызматкерлери жабырлануучунун каза болгонун аныкташкан. Окуянын себеби белгисиз.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тийиштүү медициналык-экспертизалар дайындалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru