10-январь экс-президенттер каерден добуш берет?

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо участогунда добуш берет. Бул участок №5 гимназияда жайгашкан. Бул тууралуу “Тизме” порталынан текшерүүгө болот.

Аталган сайттан мурдагы президенттерди да издеп көрүүгө болот.
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Москвадагы кыргыз элчилигинин №9001 шайлоо участогунда катталган.

Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде жок (Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга караганда, Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алган).
Экс-президент Роза Отунбаева Бишкек шаарында добуш берет. Ал №1215 шайлоо участогунда катталган (Шубин атындагы музыкалык мектеп).
Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы №1220 шайлоо участогунда катталган. Аталган участок УКМКнын имаратынын жанындагы №27 мектепте жайгашкан. Атамбаев учурда УКМКнын абагында кармалууда.

Кыргызстандын 3 млн 563 миң 574 жараны (2-январдагы маалымат боюнча) 10-январдагы президенттик шайлоого жана референдумга катыша алат. Жалпысынан 2474 шайлоо участогу иштейт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.