107 соодагерге Ош базарынан орун берилди

Бишкектеги Ош базарынын сыртында турган 107 соодагерге базардын ичинен орун берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ленин райондук акимчилигинен кабарлашкан.
Маалыматта аталган акимчиликтин мобилдик топтору күн сайын Ош базарынын айланасын кыдырып, мыйзамсыз соода кылгандарды тартипке чакырып жатканы айтылган.
Буга чейин соодагерлер пикетке чыгып, өкмөттөн аларды ордунда калтырууну өтүнгөн.
Бишкек мэриясы болсо жайма базардагы соодагерлерди таркатууга алы жетпей калганын билдирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жардам сураган эле.

Leave A Reply

Your email address will not be published.