13-январга карата аба ырайы. Тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн, 13-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу унаа жолдордо кар жана муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -1…+1, күндүзгү температурасы +7…+9.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru