135 миң сом айып салынды. Аймактарга каттаган коомдук транспорт текшерилди

Бишкектен аймактарга каттаган коомдук транспорт текшерилип, айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкектен Бостери, Каракол, Чолпон-Ата, Ананьево, Нарын, жана башка аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган машурттук унаалар текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда каттамга чыгарда мурда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү укук бузуулар аныкталган.

Укук бузуулар кодексинин негизинде 25 протокол толтурулуп, жалпы суммасы 135 миң сомго айып салынды.

Кайгуул кызматы тарабынан рейддик иш-чаралар мындан ары да уланат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru