14 жаштагы үч бала уурулукка шектелип кармалды

Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына 2020-жылдын 16-ноябрында 38 жаштагы О.А., Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде өзүнүн жашы жете элек уулуна физикалык күч колдонуп,  уюлдук телефрнун тартып  алган белгисиз жаш балдарга чара көрүүнү суранган.  Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРда  Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (каракчылык) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде катталган. Сотко чейинки процесстер башталды.

Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмышка шектүү  14 жаштагы үч өспүрүмдү Тергөө кызматына алып келишкен.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru