15-апрелге чейин жайлоого мал айдабай туруу эскертилет

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,Баткен облусунун тургундарын, коронавирус илдетинен улам, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, жарандарды үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине чейин, мал жандыктарын жайлоого айдабай турууну эскертет.

Анткени жарандардын массалык мал айдоо аракеттери, өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт.
Ошондой эле тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлот.

Жайлоого мал айдоо качан башталаары тууралуу, кошумча маалымат берилет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru