18-янарга карата аба ырайы

18-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-6, күндүз 1…6;

Баткен Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7 градус жылуу болот. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru