18 жаштагы баланы бычак менен коркутуп,тоноп кеткен шектүүлөр кармалды-(ФОТО)


Бишкекте тоноого шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-ноябрда милицияга Чүй проспектиси менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар 18 жаштагы баланы бычак жана жез манжалары менен коркутушуп, уюлдук телефонун тартып алышып, дайынсыз жоголушканы тууралуу маалымат түшкөн.
Потрулдук милициянын кызматкерлери 17, 19 жана 16 жаштагы шектүүлөрдү кармашты. Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн бычак, жез манжалар, телефон жана акчатабылган. Жаштар Биринчи май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Факты КЖБРда катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси “Каракчылык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru