Кыргыз-тажик чек арасында 181 миллион сомго өткөрүү пункту курулууда
Кыргыз-тажик чек арасында, заманбап өткөрүү пунктунун курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов “Кара-Мык” өткөрүү пунктунун жаңы имараты менен таанышты. Долбоордун сметалык баасы 181 миллион сомду түзгөн. Ал жакта чек ара, бажы, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө жүргүзөт. Өткөрмө пунктунун инфраструктурасы ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирилген.