+19: 25-ноябрга карата аба ырайы

25-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 Бейшембиде күндүз Талас, Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +14…+19, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +5…+10 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +17…+19 градуска жетет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru