19 жаштагы жигитти бычактаган шектүү кармалды

Нарында белине бычакталган жигит ооруканага түштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-ноябрь күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Жумгал районунун үй-бүлөлүк медициналык борборунун фельдшери Н.Т 102 кызматына чалып, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 2001-жылы туулган Т.С аттуу жаран денесинен бычак менен жаракат алып келгендигин билдирген.

Аталган билдирүү каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барган учурда, Жумгал районунун Чаек айылынын 2001-жылы туулган Т.С денесинен жаракат алгандыгы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 2000-жылы туулган Р.Т. экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам Р.Т. жанында салып жүргөн бычак менен Т.С.ны бир жолу сол жак бел тушуна сайып жибергендиги маалым болду.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар адамдар тергөө кызматына толугу менен камсыз кылынып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru