народный

2-марттагы митингди уюштурган кылмышкерлерди кимдер каржылаган?

Ушул жылдын 2-мартында борбордук Ала-Тоо аянтында абакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүшкөнү белгилүү. Анын аягы Ак үйгө чабуул жасоо, күч кызматкерлерине карата митингчилердин таш ыргытуулары менен коштолду. Бирок, күч кызматкерлери өлкө коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин так аткарышты.
Ырас, бул митингде Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров чогулган адамдарды тынчтык жолу менен эле тарап кетүүгө чакырды. Садыр мырза өзү да абакта жаткан жеринен тарапташтарын митингге чыкпоого чакырып кайрылуу жолдоду. Бирок, эмнегедир анын кайрылуусун айрым тарапташтары чымын чаккандай да көрүшкөн жок. Мисалы, митингди уюштуруучулардын катарында «Кырк уруу кыргыз: Жети дубан ынтымагы» аттуу коомдук бирикменин мүчөлөрү элди митингге келүүгө активдүү чакырып жүрүштү. Өздөрү да митингде сөз сүйлөшүп, бийликке карата элдин нааразычылыгын күчөтүү аракеттерин көрүштү. Анан дагы дал ошолор Сабыр Жапаровдун тынчтыкта таркап кетели дегенине көнбөй, элди Ак үйдү көздөй баштап жиберишкендей да болду. Демек, алар митингге Садыр Жапаров үчүн эмес эле, таптакыр башка максатта келишкен деген тыянак чыгарсак туура болгону турат.
Баарынан кызыгы бул коомдук бирикменин активдүү мүчөлөрүнүн көпчүлүгү мурда соттун чечими менен эрктеринен ажыратылган кылмышкерлер экенинде болууда. Сөзүбүз кургак болбосу үчүн биз аларды атай кетели.

  1. Амангелди Артыков – 2001-жылы Түп райондук соту тарабынан Кылмыш кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү (наркотикалык зат менен) боюнча соттолгон.
  2. 1964-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Акылбек Олджембаев – Кылмыш кодексинин 108-беренесинин 3-бөлүгү (Зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 1985-жылы 7 жылга соттолгон. Мындын тышкары ал 1993-жылы 208-берененин 2-бөлүгү менен да 1 жылга эркинен ажыратылган.
  3. 1959-жылы туулган Нурлан Алымкулов – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Кылмыш кодексинин 148-беренеси менен соттолгон.
  4. Асылбек Чолпонбаев – 2012-жылы Кылмыш кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 234-беренеси (бейбаштык) боюнча соттолгон.
  5. Кадырбек Үсөнбаев – үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2003-жылы атайылап ден соолукка залал келтирүү боюнча, 2010-жылы дагы бир жолу соттолгон.
  6. Рысбек Бейшеналиев – эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 1992-жылы «Зордуктоо» беренеси менен 7 жылга, 2001-жылы ушул эле берене менен 8 жылга эркинен ажыратылган.
  7. Замирбек Дүйшөнов – 2019-жылдын июнунда пара берүүгө шектелип кармалган. Сокулук райондук соту тарабынан 2 жылга эркинен ажыратылган.
    Байкадыңыздар да, булардын баары моралдык жактан башкаларга акыл айтууга укугу жок, басып өткөн жолдору башкаларга үлгү болбой турган, тескерисинче сабак болууга тийиш болгон кылмышкерлер болуп жатат. Анда булардын максаты эмне болушу мүмкүн? Ким буларды жалдады? Же кылмышкерлер башкаларга акыл үйрөтө турган заманга келдикпи? Алардын артынан ээрчисек, анда алдамчылыкты, кыздарды зордуктоону, адамдарды ур-токмокко алууну гана үйрөнүп чыгышыбыз мүмкүн. Алар башкаларды таза коомго эмес, бузулган коомго гана жетелеп барышат. Андыктан булардын артында кимдердин турганын жана кимден канча каражат алып жатышканын тиешелүү укук коргоо органдары иликтөөгө алуулары керек. Бизге кылмышкерлер акыл айта турган замандын кереги жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru