2 ымыркай жаңылыштык менен коронавируска каршы эмделди
Эмчектеги 2 наристе кокусунан COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Сорокаба шаарында орун алган. Жаңылыштык менен эмдөөдөн 4 жана 2 айлык наристе эмделген.
“Алар Pfizer компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын дозасын жаңылып алышкан. Балдар катуу реакция кылышты, ошондуктан дароо ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды “, – деп жазылат маалыматта.
Ымыркайларды жаңылыштык менен эмдөөдөн өткөргөн дарыгер жумушунан айдалган. Учурда бул боюнча тергөө иши башталганы маалымдалды.