20 секундада банкоматты уурдап кетишти. Видео

Дүкөнгө даап кирип, банкоматты сүйрөтүп кеткендер азыркыга дейре табыла элек. Ал эми темирди айылга жакын жердеги токойдон табышкан.

Свердлов облусундагы Косулино айылында бет капчан үч киши азык-түлүк саткан дүкөндөн банкоматты 20 секундада уурдап кеткендигин Ura.ru жазды.

Үч киши банкоматты автоунаага байланган трос менен сүйрөтүп кеткен. Ал эми автокөлүктүн номерин чаптап, жаап коюшкандыгын Свердлов облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.

Бош калган банкоматты аталган аймакка жакын жердеги токойдон табышкан, ал эми уурулар алигече издөөдө. Алардын канча акчаны көтөрүп кеткени азырынча белгисиз.

Видеодон банкоматты троско байлап, ушундай күч менен тарттыргандыктан дүкөндүн эшиктери, кашектери талкаланып кеткендигин көрүүгө болот.

Булак: Чындык кг

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru