200 сом өз баасынан 40 эсе кымбат сатылууда

“Мешок” деп аталган интернет-тоорукта 200 сом сатыкка коюлду. Ал 2010-жылдагы төртүнчү серияга туура келет.

Банкноттун баштапкы баасы — 6700 рубль (7 миң 620 сом). Ал 0000000 номеринде жана CA сериясына туура келет, бирок анда “Үлгү” деген мөөр басылган эмес.

Буга чейин Улуттук банктан сериялык номери жети нөлдөн турган банкноттор көрсөтмө үчүн гана колдонулуп, жүгүртүүдө пайдаланылбай турганын айтышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru