200дөн ашык балыкчынын денесинде карттар пайда болуп…

Сенегалда 200дөн ашуун балыкчы сырдуу ооруну Атлантика океанынын аймагынан жуктуруп алышты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, сырдуу ооруну жуктуруп алган бейтаптардын денесинде карттар пайда болуп, катуу кычышып, эриндердин шишип, көздүн дүлүүгүсү сыяктуу белгилери болууда.

Учурда Африка өлкөсүнүн бийлиги балык уулоого убактылуу тыюу салды. Алгач, сууну анализден өткөрүшөт. Белгилүү болгондой, белгиленген жерден алыс эмес жерден цирконий казылып алынат жана жээкте химиялык заводдор бар, ал жактан океанга агып кетиши мүмкүн экени айтылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.