2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн эл аралык резерви 268,6 млн АКШ долларына көбөйгөн

2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын эл аралык резервдеринин көлөмү 2424,1 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын башына салыштырмалуу 268,6 млн АКШ долларына же 12,5% көбөйгөн.
Эл аралык резервдердин курамына алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели кирет. Эл аралык резервдердин валюталык портфели төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ долларын, еврону, швейцария франктарын, англис фунттарын, австралия жана канада долларларын, япон йенин, россия рублин, кытай юанын, сингапур долларын, ошондой эле норвегиялык крон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru