2020-2021– окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу адистик билим берүү болуп саналды. Жалпы кабыл алынгандардын 26% түздү.
Ал эми саламаттыкты сактоого- 18%, экономика жана менеджмент – 14%, техникалык адаистиктерге – 13% абутуриент кабыл алынган.Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдаты.
Адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган студенттердин санын бөлүштүрүү
(окуу жылынын башына карата, адам)

Жогорку кесиптик окуу жайларынын студентеринин арасында абдан көп суроо талап болгон жак, бул педагогикалык илимдери 24%, гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча – 23%, медициалык – 15%, экономикалык – 12% жана техникалык адистиктер боюнча – 11% талап кылынат.
Өлкө боюнча 57 жогорку кесиптик окуу жай бар, 214 миңден ашык студент окуйт.Алардын 52% кыздар.
Эске салсак 2016-2017 – окуу жылына салыштырмалуу информатика жана компьютердик технологиялар адистигине суроо талап 49%га өскөн, ал эми айыл чарба жана балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 17% кыскарган.