«2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында чыгарылды, деп айтылат билдирүүдө.

Концепциянын тексти менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru