2021-жылды 306 млрд сом консолидацияланган бюджет менен жыйынтыктайбыз, – президент

  2021-жылды 306 миллиард сом консолидацияланган бюджет менен жыйынтыктайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Министрлер кабинетинин азыркы курамын сунуштап жатып, биз калкка консолидацияланган бюджетти 280 миллиард сомго жеткирүүнү убада кылганбыз. Биз тапшырманы аткардык. 2021-жылды 306 миллиард сом менен аяктайбыз, же күтүлгөндөн 26 миллиардга көп», – деди ал.

Президент 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 миллиард сомго жеткирүү үчүн негиз бар экенин кошумчалады.

«Мен Коопсуздук кеңешинде Акылбек Үсөнбекович айткан 3 принципти толук колдойм. Биринчи принцип — элдин биримдиги, экинчи принцип — мамлекеттин бүтүндүгү, үчүнчү принцип — салык төлөөдөн качуу эң оор кылмышка айланат», – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru