24-апрелге “Стамбул-Бишкек” чартердик аба каттамын уюштуруу пландалууда

 

 Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын негизинде 24-апрелге “Стамбул-Бишкек” багыты боюнча чардердик каттам уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте кары адамдар, балдар, аялдар, ошондой эле саламаттыгынан көйгөйлөрү бар жарандар алынып келет.

Учурда Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу маселесинин үстүндө иш алып барууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru