26 жаштагы милиционер өз жанын кыйды

Новосибирск облусунда 26 жаштагы полиция кызматкери өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Комсомольская Правда” билдирет.

Окуя Купино шаарында 12-январь күнү полиция кызматкери түшкү тамактануу үчүн үйүнө келгенде болгон. Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгы кызматкердин өз өмүрүнө кол салгандыгын тастыктап, кызматтык текшерүү башталганын жарыялады.

Маркумдун таанышы милиционер үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлгөндүгү үчүн аны аялы жемелеп,уруша кетишкенин айткан. Андан кийин аймактык милиция кызматкери коңшу бөлмөгө барып, өз жанын кыйган.

Маркум үч жыл ички иштер органдарында иштеген. Кесиптештер аны чынчыл жана боорукер жигит деп айтышат, ал кызмат учурунда тартип маселесинде эч качан кыйынчылыктарга туш болгон эмес, берилген тапшырмаларды жана жоопкерчиликтерди ар дайым аткарып келген.

Ошондой эле Орусиянын Тергөө комитети участкалык полиция кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу тергөө алдындагы текшерүүнү баштады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.