27-ноябрга карата аба ырайы

 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5

Талас облусунда: түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5

Баткен облусунда: түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10

Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5

Нарын облусунда: түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7 градус, күндүз +3…+5 градуска жетет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru