3 даанадан ашык беткап сатып ала албайсыз

Көптөгөн өлкөлөр медициналык беткаптарды жана антисептикалык каражаттарды башка өлкөгө чыгарууга тыюу салды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда беткап чыгаруучу жергиликтүү өндүрүш ишке киргизилген.

17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миң даана беткап жеткирилген.

Беткаптардын жетишсиздиги жарандар тарабынан аларды көп көлөмдө сатып алуусунун келип чыгууда.

Бүгүнкү күндө ар бир адамга 3 даанадан ашык беткап сатылбайт. Алардын белгиленген баасы 10 сом.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru