30-ноябрга карата аба-ырайы

30-ноябрь, шейшембиге, караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

 30-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Таласта +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын аймагында -2…+3 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +12…+14, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жете турганы айтылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru