4-декабрда 63 адам COVID-19 менен катталды
Бүгүн, 4-декабрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 63 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
– Бишкек шаарында – 31,
– Чүй облусунда – 12,
– Жалал-Абад облусунда – 8,
– Ысык-Көл облусунда – 5,
– Баткен облусунда – 5,
– Ош облусунда – 2,
– Ош шаарында – 0,
– Нарын облусунда – 0,
– Талас облусунда – 0.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 183573 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.