4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган жаран таш бараңга алынды

51 жаштагы киши 12 жашар кошуна кызды зордуктоого аракет кылган. Бул маалыматты Kaktus.media күч структураларына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада Ысык-Көл районунда Кашат айылынын жашоочусу 2008-жылы туулган кызын зордуктоого аракет кылган 51 жаштагы коңшусун кармап калган. Жергиликтүү жашоочулар дароо чогулуп, шектүүнү бакка таңып, ташбараңга ала башташкан учурда айыл аксакалдары келип жаштарды токтотуп, милицияга билдиришкен.

Ысык-Көл облустук милициясы бул окуянын болгонун тастыктап, зордуктоого аракет кылуу боюнча кылмыш иши козголду. 1969-жылы туулган Жекшен аттуу шектүү соттун чечими менен 2 айга Караколдогу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган зөөкүрдүн уулу окуя болгонго чейин эки жума мурда айылдан жылкы уурдап, жергиликтүү базарга алып барып сатып жиберген. Ал дагы Караколдун СИЗОсунда кармалууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru