4 жана 7 жаштагы балдар тоңо элек музга түшүп кетип каза тапты

Рязань облусунун Дедюхино айылында эки бала муздун астына түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу балдардын атасына шилтеме берүү менен “КП – Рязань” басылмасы билдирди.

Ал киши балдар эч качан уруксатсыз кетишпей тургандыгын жана көбүнчө телевизор көрүп, үйдүн алдынан ойноп жүрүшчү экенин айтты.

Каргашалуу окуя 3-декабрда болгон. 4 жана 7 жаштагы балдар Дедюхино айылындагы көлмөгө жетиле элек музга чыгып, анын астына түшүп кетишкен. Жергиликтүү тургундар балдарды суудан алып чыкканда алар тирүү болгон, бирок аларды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru