народный

4000 даана бет капты Казакстанга алып чыгууга аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Казакстанга медициналык каражаттарды мыйзамсыз түрдө алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-март күнү “Ак-Тилек” унаа жолунан Казакстанга чек ара аркылуу мыйзамсыз түрдө медициналык каражаттарды алып чыгууга аракет кылган Кыргыз жараны кармалган. Ал 1995-жылы туулган Т. уулу Д. экендиги аныкталган. Аталган жаранды текшерүү учурунда ал жубайы Казакстандын жараны болгондуктан, анын жанына бара жаткандыгын билдирген. Өзүн шектүү алып жүргөн жаранды текшерүүгө алганда сумкасынан скотч менен оролгон таңгактан тастыктоочу документтери жок 4000 даана медициналык бет капты табышкан. Шектүүгө карата тиешелүү документтер толтурулган соң Т. уулу Д. жана далил катары алынган товар Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru