Египеттен Алматыга биздин жарандар учуп келген жок

Египеттен Алматыга биздин жарандар учуп келген жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди

“Бизде бир катар жарандарыбыз Египеттен Алматы аркылуу келет деген маалымат болгон. Биз ага даяр болчубуз. Бирок эртең мененки маалымат боюнча Египеттен Алматыга биздин жарандар учуп келбептир. Андыктан биз аларды кабыл ала элекпиз”, – деди министр.


Эске салсак, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын, Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми бүгүн, 20-мартта дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru