народный

5-март Ак калпак күнү

Бүгүн, 5-март Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында Ак калпакты даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Эскерте салсак, бул майрамды өткөрүү идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, ошондон бери белгиленүүдө.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru