50 жаштагы агасын жырткычтык менен тепкилеген жигит колго түштү-(ВИДЕО)

700×100 kyr

Бишкекте бир эркек агасын жарадар кылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-августта билдирди.

Милициядан кабарлашкандай, 2020-жылдын 13-августунда саат 18:40 чамасында 102 кызматына Кайыңды конушунда белгисиз адам эркек кишини сабап жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери 50 жаштагыТ. М аттуу жаран иниси тарабынан эч себепсиз сабалгандыгын аныкташкан. Көп өтпөй изин сууткан жерде шектүү адам кармалган. Ал  34 жаштагы С.А. болуп чыкты. Ал Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза жана катачылыктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө өткөрүлүп берилген.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.