Ош шаардык ооруканасынын медицина кызматкерлерине 5 тонна ун акысыз берилди

Ош шаардык ооруканасынын медицина кызматкерлерине 5 тонна ун акысыз берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-мартта шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган оорукананын дарыгерлери менен болгон жолугушууда мээрман айымдарга жардам катары ун бериле турганын айткан.

“Шаардык оорукананын жетекчилиги берилген ундарды мээрман айымдарга жана муктаждыгы бар дарыгерлерге бөлүп берет”, – деп билдиришти мэриядан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru