Чүйдө 6 баш торпок уурдаган жаран кармалды

Жайыл районунда мал уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь Новониколаевка айылынын тургуну кайрылып, октябрь айынын башында белгисиз адамдар арыз ээсинин Жайыл районунун Ак-Башат айылында жайгашкан сарайдан 6 баш торпогун жашыруун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 1988-жылы туулган Д.Э. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru