6 чоң киши жана 4 кичинекей бала бар болчу… Турак үйлөрдүн биринде лифт кулады

Москвада турак үйлөрдүн биринде жашоочулар менен бирге лифт кулады. Бул тууралуу орус басылмаларынын бири жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 22 -октябрь күнү эртең менен Покрышкина көчөсүндөгү турак үйдө лифт бешинчи кабаттан кулаган, анын ичинде  алты чоң киши жана төрт бала болгон. Экинчи жана үчүнчү кабаттардын ортосунда техникалык коопсуздук системасы иштеп, лифтти андан ары кулап кетүүдөн сактап калды.

Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Прокуратуура лифт жабдууларынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы эрежелеринин аткарылышын текшерүүнү, ошондой эле окуянын жагдайын жана себептерин аныктоодо.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru