народный

6 кг салмакта баатыр бала төрөлдү

18-январда Фергана шаарынын тургуну Мавлуд Ходжаева 6 килограмм 90 грамм салмактагы баатыр уулдуу болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ымыркайдын бою 60 сантиметр. Маалыматка караганда, ымыркай 39 жумада кесарево жолу менен төрөлгөн.

“Бул эненин төртүнчү баласы. Аял 33 жашта. Эне менен баланын ден соолугу жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө”- деп билдирет УзА төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Шоира Исмаилова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru