6 жаштагы Исламбек Осмонов дайынсыз жоголду

Борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү жоголгон 6 жаштагы Исламбек Осмоновду издеп жатат. Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-октябрда саат 18:00 чамасында бала Абдымомунов көчөсүндөгү үйдөн велосипед тебүү үчүн чыгып кеткен жана ушул күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз. Белгилери: бою 75-85 см, чачы кыска,кара, келбети каратору Кийген кийими: ак футболка, кара спорттук шым, бутунда көк түстөгү спорттук бут кийим. «Эгерде сиз кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, анда бизге төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюңуз: 0 (312) 56-17-52, 0 (554) 102-148, 0 (703) 102-261 (Биринчи Май РИИБнин издөө бөлүмү) 0 ( 312) 56-32-48 же 102 «,-деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru